мазмуну
- Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Reuters агенттигинин орусиялык аскерлер чек араны кайтарууга тартылышы тууралуу маалыматын четке какты.
- Тажик-ооган чек арасындагы куралдуу чабуулдарда кытайлык жумушчулар набыт болуп, кырдаал эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду.
- Тажик президенти чек арадагы коопсуздукту бекемдөөнү жана чабуулдарды алдын алууну күч түзүмдөрүнө тапшырды.
Тажик тышкы саясий мекемеси 3-декабрдагы билдирүүсүндө Рейтер агенттиги тараткан маалымат чындыкка дал келбейт деп белгиледи.
Анын алдында агенттик тажик коопсуздук органдарындагы аты аталбаган булактарга таянып, Дүйшөмбү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында орусиялык аскерлерди Ооганстан менен чек араны кайтарууга тартууну талкуулап жатканын жазган.
Кошуна өлкөнүн ТИМи мындай жалган маалымат таратуу эл аралык коомчулукту жаңылыш ойго жетелегенин кошумчалады.
Билдирүүдө мекеме ошондой эле Тажикстан мамлекеттик чек араны бекемдөө үчүн зарыл чараларды көрүп келгенине токтолду.
“Мамлекеттик чек арадагы кырдаал тынч жана Тажикстандын тиешелүү органдарынын көзөмөлүнө алынган”, - деп айтылат билдирүүдө.
Дагы караңыз Рахмон Ооганстан менен чек арада чабуулдардын алдын алууну талап кылдыУзундугу 1344 километрди түзгөн тажик-ооган чек арасындагы бейстабилдүүлүк жаңылык болбогону менен ноябрдын аягындагы окуялардан кийин ал алыскы аймак дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл чордонуна чыкты.
Тажикстандын атайын кызматы 30-ноябрдын кечинде Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Дарвоз районунда чек аранын аркы жагындагы Рузваяк айылынан келген куралчан топ China Road жана Bridge Corporation жол куруу компаниясынын жумушчуларына ок ачканын билдирген. Натыйжада кытайлык эки жумушчу каза тапкан, дагы экөө жаракат алган.
Afghanistan International басылмасы чабуулга талибдердин чек ара кызматынын бөлүгүнүн тиешеси болушу ыктымал деп жазды. Кол салуунун себеби белгисиз бойдон калууда.
Тажикстандын коопсуздук кызматы «террордук аракет» деп мүнөздөгөн ушундай эле окуя 26-ноябрга караган түнү болгон. Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районундагы алтын комбинатынын аймагына ооган тараптан жасалган чабуулда Кытайдын үч жараны каза тапкан, бирөө оор жаракат алган.
Тажикстандын бийлиги тараткан маалыматка караганда, кол салгандар кенчилер жашаган жайды ок атуучу курал жана жардыруучу зат менен жабдылган дрон менен бутага алышкан.
1-декабрда Бээжин ал өлкөдөгү өз жарандарын чек ара аймагынан тез чыгып кетүүгө чакырган.
Дагы караңыз Тажик-ооган чек арасындагы кол салууда Кытайдын үч жараны набыт болду2010-жылдан бери Кытай Тажикстандын ири соода өнөктөшүнө, чет элдик инвесторго жана кредиторго айланган. Дүйшөмбүнүн сырткы карызынын жарымынан көбүн Бээжин берген. Жаңы жолдорду куруп, телекоммуникация, айыл чарба жана тоо-кен тармактарына инвестиция салып келаткан Кытай тажик экономикасында алдыңкы орунду ээледи.
Ооганстан боюнча эксперт Гаус Жанбаздын пикиринде, сөз болгон окуялар талибдердин аброюна көлөкө түшүрөт:
“Албетте, бул өз аба мейкиндигиндеги жана чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөй албаган “Талибандын” аброюна сокку урган кезектеги окуя болуп калды. Бул анын алсыздыгын көргөзөт”.
2021-жылы Ооганстандагы бийликти “Талибан” кыймылы басып алгандан бери Дүйшөмбү менен Кабул куралчан топторго башпаанек бергени үчүн бири-бирин айыптап келатышат. Кошуна өлкөлөрдүн арасынан жалгыз Тажикстан талибдердин бийликке кайтуусуна каршы оюн билдирип, топту аймактык коопсуздукка жаралган коркунуч деп сыпаттайт.
Өткөн аптада “Талибан” башкарган өкмөт аты аталбаган согушкер топту кырдаалды курчутуп жатат деп айыптап, ал окуяны териштирүүдө тажик өкмөтү менен кызматташууга даярдыгын айтты.
Кытайлык жумушчуларга кол салуудан кийин "Талибандын" тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки абалды тажик башкы дипломаты Сирожиддин Мухриддин менен талкуулаганын Х социалдык тармагына жазды. Анын айтымында, акыркы мезгилде эки өлкө ортосунда өз ара ишеним маанайы орноду, бирок кайсы бир күчтөр “ал оң жараянга бут тосууну көздөйт”.
Медианын маалыматына ылайык, тажикстандык тергөөчүлөргө ооган аймагына кирүүсүнө уруксат беришти, кылмышка шектелген эки кишини кармап Кабулга жеткиришти.
Кытайдын жарандарынын коопсуздугуна жаралган коркунуч тажик президенти Эмомали Рахмонду кыйын абалга кептеди.
Дагы караңыз ЖККУнун Астана саммитинде 14 документке кол коюлду1-декабрда мамлекет башчы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чек ара аймагындагы абалды талкуулап, чабуулдардын кайталанышын алдын алууну талап кылды.
Расмий маалыматка караганда, президент «ооган жарандарынын чагымчыл жана мыйзамсыз аракеттерин катуу айыптады» жана тиешелүү мекемелерге кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасын берди.
Тажик башкалаасынын сыртында Орусиянын базасы жайгашканын айта кетүү зарыл. Орусиялык аскерлер буга чейин Тажикстан–Ооганстан чек арасын кайтарып, 2005-жылдан тартып Дүйшөмбү ал ишти өз алдынча жүргүзүүдө.
Тажик бийлиги ошондой эле Кытай менен чек арадагы бир нече заставаны Бээжин менен биргелешип башкарууга уруксат берген.
ЖККУ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.