Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

ТИМ: Кореяда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандары өз ыктыяры менен жазасыз чыгып кете алат


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түштүк Кореянын бул өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын өз ыктыяры менен чыгып кетүү программасы тууралуу түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, жарактуу визасы же иммиграциялык макамы жок жүргөн кыргыз жарандары 1-декабрдан тартып 90 күндүн аралыгында, тактап айтканда, 28 февралга чейин чыгып кетсе аларга эч кандай жаза колдонулбасын маалымдады.

"Көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкөдөн ыктыярдуу түрдө чыгып кеткен учурда айып пул санкциялары колдонулбайт. Мажбурлап чыгарууга тиешелүү болгон учурда колдонулуучу кайра кирүүгө тыюу чаралары колдонулбайт. Программа 2025-жылдын 1-декабрына чейин жүрүм-турум тартибин бузгандарга тиешелүү болуп саналат. Ошол эле убакта, бул чаралар кылмыш кылган же мыйзам боюнча мажбурлап чыгарууга тийиш болгондорго жайылтылбайт. Министрлик Кореяда мыйзамсыз жүргөн жарандарыбызды айып санкцияларынан жана башка укуктук терс кесепеттерден сактануу максатында жогоруда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырат. Кошумча суроолор болсо Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү ыкчам байланыш номерлер (+82 10 9798 0951, +82 2 379 0951) аркылуу кайрылууну суранабыз",-деп жазылган маалыматта.

Орусиядагы соңку окуялардан, ар кандай чектөөлөрдөн улам ал жактан Түштүк Кореяга кеткен кыргызстандыктардын саны көбөйүп жатканы айтылган. Бир канча жылдан бери кыргыз жарандарын бул өлкөгө жумушка орноштурууга байланыштуу атайын программа иштейт.

Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн жылына квота бөлгөн. ТИМдин маалыматына ылайык, бул өлкөдө 15 миңге жакын кыргызстандык эмгек мигранты иштейт. Кореяда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандары дагы бар.


Шерине

XS
SM
MD
LG