Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Казакстанда коомдук жайларда никаб кийгендерге айып пул салынат


Никаб кийген аял жана хижабчан кыз. Актөбө шаары, 2023-жыл, 6-октябрь.
Никаб кийген аял жана хижабчан кыз. Актөбө шаары, 2023-жыл, 6-октябрь.

Казакстанда мындан ары коомдук жайларда бети-башын толук жаап, адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийим кийгендерге айып пул салынат. Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөрдү Мажилис (парламенттин төмөнкү палатасы) кабыл алды.

Биринчи жолу мындай талапты бузгандарга эскертүү гана берилет.
Ал эми экинчи жолу кайталанса, 39 320 теңге, болжол менен 78 доллар айып пул каралат.

Казакстанда быйыл июнь айында эле жүздү жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынган эле. Чектөө никабга гана эмес, балаклавага жана беткапка да тиешелүү.

Ошол эле учурда бир катар өзгөчөлүктөр каралган. Бети-башты жапкан кийимди кандайдыр бир мыйзамдын чегинде, медициналык себептер менен, жарандык коргонууда, спорттук же маданий иш-чаралардын маалында колдонууга уруксат берилет.

2025-жылдын январында Кыргызстан да ушул сыяктуу мыйзам кабыл алган. Анда адамдын жүзүн жашырган кийим кийүүгө тыюу салынат.

Тажикстанда былтыр "улуттук маданиятка жат кийимдерди" сатууга жана кийүүгө тыюу киргизилген. Өзбекстанда мындай чектөө 2023-жылы эле кабыл алынган.

Түркмөнстанда паранжы же никабга расмий түрдө тыюу салынган эмес. Анткен менен ал жакта аялдардын кийим-кечеси, сырткы келбети боюнча так эрежелер бар. Кыз-келиндер ошол эрежелерге ылайык кийиниши керек.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG