Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

"Күйөөсүнө өчөшүп балдарга ырайымсыз мамиле кылган". Чүйдө эки баласын сабаган келин камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

мазмуну

  • Чүй милициясы тогуз жана жети жаштагы балдарын сабап, ырайымсыз мамиле кылган келинди камакка алды.
  • Мунун алдында соцтармактарга келиндин ток өткөргүч зым менен балдарын сабап жатканы тартылган видео тараган.
  • Ички иштер министрлиги балдар социалдык кызматтарга өткөрүлүп берилгенин, балдардын атасы менен териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү келишпестиктерден биринчи кезекте балдар жабыркап жатканына, миграциянын агымы күчтүү өлкөлөрдүн баарында эле ушул сыяктуу көйгөйлөр курчуганы көңүл бурууда.

"Ата-энеси бирдей күнөөлүү"

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, балдарды сабап, телефонго тарткан окуя 26-ноябрда катталган. Буга шектүү катары балдардын энеси, 30 жаштагы келин кармалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") жана 139-беренеси ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу)" боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Келин күйөөсү менен таарынышып, тааныштарынын үйүндө убактылуу жашап жүргөнү, балдарын ага өчөшүп сабап видеого тартканы маалым болду.

Милиция балдардын атасы Кыргызстанда экенин, аны менен да териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.

Жабыркаган балдардын улуусу тогуз, кичүүсү жети жашта. Алар социалдык кызматтарга өткөрүлүп берилгени кабарланды.

Ата-энелердин тирешинен ортодо баланын укугу бузулуп, уруп-сабоого кабыларын, психикасы да жабыркап, өмүр бою жүрөгүндө так каларын укук коргоочулар белгилеп келишет.

Коомчулукта мындай учурлардын баарына аялды күнөөлөгөн пикирлер арбын. Соңку окуяда дагы келинди энелик укуктан ажыратуу керектигин айтып чыккандар болду. Алардын бири адвокат Шердор Абдыкапаров:

Адвокат Шердор Абдыкапаров
Адвокат Шердор Абдыкапаров

"Окуя 26-ноябрда болгон экен. Ал балдар ага чейин жана андан бери да кандай күндө жашап келгени белгисиз. Бир эле учурдан ушунчалык жүрөк ооруткан көрүнүштү көрдүк. Ага каршы козголгон берене боюнча менен ал келин бат эле камактан чыгат. Ошондуктан, бул келинди энелик укуктан ажыратуу маселесин социалдык кызматтар карап чыгышы керек".


"Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова күйөөсүнө өчөшүп балдарын сабаган келиндин окуясына балдардын атасынын дагы жоопкерчилиги бар деп эсептейт.

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

"Атасы менен энеси тил табыша албай, түшүнбөстүк болсо эле, бири-бирине каршы курал катары балдарды колдонгон, аларды уруп-сабаган, көчөгө таштап кеткен учурлар тилекке каршы көп катталат. Андай учурларда экөөнүн тең жоопкерчилиги каралышы керек. Бул окуяда дагы балдарды оор кырдаалга калтырып кеткен атасы да жоопкерчиликке тартылсын. Деги эле мындай ата-энелердин экөө менен тең иштөө талап кылынат. Оор кырдаалга учураган үй-бүлөлөр менен жекече иштөө керек. Балдарга да, ата-энелерине да психологиялык жардам керек. Буга бийлик, социалдык кызматтар терең киришип, айыл өкмөт, кварталдык комитеттердин деңгээлинде балдардын минтип сабалышына жол бербөө зарыл".

"Фактылар менен эмес, себептери менен иштөө зарыл"

Аялдарга жана балдарга каршы зомбулук окуялары акыркы учурда кыргыз медиасындагы эң көп чагылдырылган темалардын бири болуп калды. Негизи эле миграциянын агымы күчтүү жана социалдык маселелер курч болгон жакыр өлкөлөрдө мындай маселе курч.

Жакында эле акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аялдарга жана балдарга каршы зомбулуктун алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырган. Ал “Аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоону күчөтүү боюнча биргелешкен чаралар” деген жыйында бул тууралуу маселе көтөргөн.

Жамиля Жаманбаева
Жамиля Жаманбаева

“Зомбулук фактыларына гана эмес, анын себептерин да иликтеп, ата-энелер жана үй-бүлөлөр менен системалуу иш алып баруу, аялдар жана балдар менен иштеген адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу маанилүү”, - деген Жаманбаев.


Башкы прокуратуранын маалыматында, 2025-жылдын алты айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 75 билдирүү катталып, 310 кылмыш иши козголгон.

ИИМ быйыл сегиз айдын ичинде (январь-август) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын кабарлаган. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 35,1% көп.

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров Элдик Курултайда коомдо ар бир аялзат, ар бир бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек" деп билдиргени бар.

Социологдор балдар кабылган ырайымсыз мамиленин көбүнө жетишпеген жакырчылык, турмуштагы оорчулуктар дагы себеп экенин белгилеп келет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG